Таласта кафеде газ баллондун жарылуусунан 10 адам ооруканага жаткырылды. Анын ичинен бирөө денесинен 80 пайыз күйүк алган

Кечээ, 4-январда Талас облусунун Кара-Буура районундагы Кызыл-Адыр айылында жайгашкан тез тамактануучу жайлардын биринде чыккан өрт толугу менен эки сааттан кийин өчүрүлдү. Кырсыктан улам  11 адам бейтапканага жеткирилип, анын ичинен 4 кишинин абалы оор деп айтылган эле. Өтө оор болгон 2 жаранды Талас шаарындагы облустук ооруканага алып барышканы маалым болду.

Кара-Буура районунун бейтапканасынын башчысынын айтымында, 11 адамдын 10у жаткырылган, бирөө кырсыктан жабыркаган эмес, ал катуу чочуп калган. “10 адамдын бешөө эркек, бешөө аял. 4 адамдын абалы оор, анын ичинен бирөө денесинен 80 пайыз күйүк алган. Жабыркагандардын арасында эң кичүүсү болгону 2 жашта. Баары врачтардын көзөмөлүндө”, — деген врач.

Кырсыктын келип чыгуусу боюнча расмий маалымат жок. Бирок өрт катталган жерден тартылган видеолордо газ баллонду жана күбөлөрдүн анын  жарылып кеткенин айтып бергенин угууга болот.