Таласта каргага тушталган ок 22 жаштагы жигитке тийди. Окуянын чоо-жайы

Таласта мыйзамсыз сактап жүргөн ок атуучу курал менен 22 жаштагы жигитти атып алган жаран кармалды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Талас ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 30-январь күнү саат 15:05 чамасында Талас облустук ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүнөн телефон аркылуу билдирүү түшкөн. Анда Талас районунун Көк-Кашат айылынын 1999-жылы туулган тургуну ок атуучу куралдан жаракат алганы маалымдалган. Билдирүү Талас ШИИБдин маалыматты эсепке алуу электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган.

Окуя болгон жерди текшерүү учурунда жабырлануучу Талас шаарында таежесинин үйүндө жашап жүргөндүгү аныкталган жана жабырлануучу эшигинин алдында катуу үн чыккандан кийин эсин жоготуп кулап калган. Ооруканага жеткирилгенден кийин ага ок атуучу куралдан сол далына жаракат алганын айтышып, операция жасалган. Дарыгерлер денесинен бир даана коргошун сымал затты алып чыгышып, ыкчам-тергөө тобуна өткөрүп беришкен.

1991-жылы туулган жаран “ТОЗ 8” үлгүсүндөгү ок атуучу куралы менен карга канаттуусун аткандыгын айткан. Ошол жерден документтери жана уруксаты жок ок атуучу куралды милиция кызматкерлерине өз ыктыяры менен тапшырып берген. Аталган окуя этиятсыздыктан ден-соолукка оор зыян келтирүү фактысы менен текшерүү иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары ал жаранга карата Жазык кодексинин 267-беренеси (ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоо, ташуу же алып жүрүү) менен кылмыш иши козголуп, шектүү тергөөдө сурак берүүдө. Аталган факты боюнча тиешелүү соттук экспертизалар дайындалды. Тергөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат.