Таласта карышкырлар адамга кол салып өлтүргөнбү? Милициянын жообу

Кечээ, 28-январда жергиликтүү басылмалардын бири Талас облусундагы аэропорттун аймагында эркек киши карышкырларга жем болгон деген маалымат тараткан. Жырткычтардын бирин “ошол жерден атышканын” да жазган.

Талас ОИИБден окуя боюнча маалымат беришти. «Социалдык тармактардагы «Таласта карышкырлар адамга кол салып өлтүрүшкөн. Адамдын жансыз денесин табышкан» деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Талас облусунун ички иштер органдары тарабынан маалыматтарды эсепке алуу журналына жана Кылмыштардын бирдиктүү реестрине жогоруда аталган маалымат катталган эмес. Мындан тышкары, жогорудагы маалымат Телеграмда Орусиянын Краснодар облусунда болгон окуя экендигин жазып таратып жатышат», — дешти.