Бүгүн, 22-январда Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Чолпонбай айыл аймагынын Жоон-Дөбө айылында ылдамдыгы секундасына 25-30 метрге жеткен катуу шамал катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, Осмонов атындагы орто мектептин чатырын учуруп кеткен. «Айтматов райондук Жарандык коргонуу комиссиясынын өкүлдөрү жеринде болуп, тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө жана кырсыктын кесепетинен келтирилген чыгымдар такталууда. Жабыркагандар жок»,- деп айтылат маалыматта.