Таласта компьютер жана 5 килограмм эт уурдаган шектүү кармалды

Талас ОИИБдин кайгуул күзөт кызматынын кызматкерлери кылмыштын изин суутпай ачышты. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.

Талас районунун Кум-Арык айылынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал 5-июнга караган түнү белгисиз адам үйдүн терезесин сындырып кирип, бөлмөдөгү 1 компьютер жана 5 килограмм этин уурдап кеткенин айткан. Аталган факты боюнча Кылмыш-Жаза кодексинин 205-беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.

Талас ОИИБдин кайгуул күзөт кызматынын кызматкерлеринин ыкчам иш алып баруунун натыйжасында Бакай-Ата районунун Үч-Эмчек айлынын тургуну 1996-жылы туулган жаран шектүү катары кармалган. Талас ОИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.