Талас райондук ИИБнин инспектору коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык шектүү үй-бүлөлүк зордук зомбулук ишин токтотуу үчүн 20 миң сом алгандан кийин кармалган жана Талас ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланып, бул ишке тиешеси бар башка адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу ыкчам-тергөө иштери уланууда.
Бул коррупциялык жоопкерчилик күчөтүлгөндөн кийинки алгачкы учур.