Таласта кургак чөптөн чыккан өрттөн министр «айгай» жарыялады

Кыргызстандагы өрт саат 20:50дө толук өчүрүлдү. Кургак чөптөн чыккан өрттүн жалпы аянты болжол менен 7 гектарды түздү.

Талас облусундагы кыргыз-казак чектешкен аймакта шамал болуп жалын тутануу коркунучу болгондуктан, 81 куткаруучу жана Талас токой чарба кызматынан 36 кызматкер, жалпы 117 адам нөөмөттө калышты. Кечээ, 29-июлда Таласта өрт чыгып, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев «айгай» жарыялап, өз көзөмөлүнө алды.