Таласта мал базарга кеткен жарандын жансыз денеси табылды

Буга чейин ӨКМ маалымат таратып, Кара-Буура районуна караштуу Ак-Башат айылынын 60 жаштагы тургуну 24-сентябрда мал базарга кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан жаран суудан изделип жатканын билдиришкен.

Кечээ, 26-сентябрда аталган жарандын Ауди-80 үлгүсүндөгү унаасы Көк-Дөбө айылынан өткөн Чоң-Талас каналына түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Ал жерге 4 куткаруучу, туугандарынан 30 адам тартылып, жеке менчик крандын жардамында унааны чыгарышкан. Унаада адам жок жана айнектери ачык болгондугуна байланыштуу издөө иштери жүргүзүлүп, кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулган. Бүгүн кайрадан таң эрте издөөнүн жыйынтыгы менен жеңил унаанын ээсинин сөөгү табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.