Таласта мас абалындагы жаран көчөдөгү кишини учтуу нерсе менен сайып, качып кеткен

Таласта соода борбордун алдында 43 жаштагы жаранды сайып кетишкен. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.

25-сентябрь күнү Талас шаарында жайгашкан соода борбордун алдынан 1980-жылы туулган жаранды белгисиз жаран капыстан учтуу нерсе менен сайып, качып кеткен. Кесепетинен жаран ооруканага түшкөн.

Аталган билдирүү Талас ШИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган. Кылмышка шектүү кармалган. Ал Талас шаарынын 1976-жылы туулган экендиги жана ал учурда мас абалда болгондугу аныкталган. Шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилип, азыркы учурда тийиштүү тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.