Таласта мектеп окуучусун өлтүрө сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Өспүрүмдү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Талас ОИИБден билдиришти.

Буга чейин милиция маалымат таратып, 15-октябрь түнү саат 04:50 чамасында билдирүү келип түшкөнүн, анда Манас районунун Чоң-Капка айылында жолдун сол жак бетинен адамдын жансыз денеси табылганын билдирген. Кароо учурунда анын башынан катуу жаракат алгандыгы аныкталган. Каза болгон жарандын 2007-жылы туулгандыгын, Рахманбердиев атындагы орто мектебинин 8-классынын окуучусу экени такталган. Окуя болгон жерде белгисиз унаанын дөңгөлөгүнүн изи калганы байкалып, факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелген жаран кармалды. Ал Манас районунун Май айылынын 1991-жылы туулган тургуну экени аныкталган. Ал 15-октябрь түнү саат 03:50 чамасында Чоң-Капка айылында өзүнө тиешелүү болгон ак түстөгү Toyota Windom унаасын башкарып келе жатып, өспүрүмдү унаасы менен сүзүп кетип, окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Кырсыктын кесепетинен өспүрүм алган жаракатынан мерт кеткен. 16-октябрь түнү саат 22:30 чамасында шектүү Кара-Буура РИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Ал эми кечээ, 18-октябрь күнү Манас райондук соту тарабынан шектүүгө бөгөт коюу чарасы катары 2 айлык мөөнөткө үй камагы тандалды. Бүгүнкү күндө тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.