Таласта мугалимдердин айлык акысынын бир бөлүгүн мыйзамсыз пайдаланып жүргөн директор кармалды

Талас облусундагы орто мектептеринин биринин директору тарабынан каражатты максатсыз пайдалангандыгы боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Талас районундагы орто мектептин директору мугалимдердин эмгек акысынын бир бөлүгүн мыйзамсыз пайдаланып жүргөн.

“2021-жылдын 2-февралында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында Талас облусундагы орто мектептин директору кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ушул мектептин кызматкерлеринен акча алып, жумуштан кетиребиз деп коркуткандыгы аныкталды.

Мындан тышкары, аталган мектептин директорунун иш бөлмөсүн тинтүү учурунда аталган билим берүү мекемесинин мугалимдерине жана техникалык кызматкерлерине эмгек акыны эсептөө үчүн мезгил-мезгили менен акча каражатын алып турган 9 банк картасы табылды”,- деп айтылат маалыматта.

Аталган факт боюнча Жазык кодексинин 320-беренесине ылайык (кызмат абалынан кыянаттак менен пайдалануу) кылмыш иши козголду.

Учурда бул схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралар улантылып жатат.