Таласта өгөй кызын зордуктоого шектелген жаран изделип жатат. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 22-июнь күнү саат 20:48 чамасында Кара-Буура РИИБдин «102» кызматтык телефонуна Чымгент айылынын 1986-жылы туулган жараны чалып, 2005-жылы туулган кызын 1971-жылы туулган өгөй атасы күч колдонуп зордуктап жүрүп боюна бүтүрүп койгонун билдирген. Тергөө оперативдик ыкчам тобу окуя болгон жерге барган учурда шектүү качып кетип, жүргөн жери белгисиз болуп жаткандыгы аныкталган. Текшерүү учурунда жабырлануучунун апасы кызынын зордукталганын уккандан кийин ошол замат барбай, аймактык милицияга бир нече күн өткөндөн кийин кайрылганы белгилүү болгон. Кыздын апасы шектүү менен өз ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп убакыт өтүп кеткендигин билдирген.
Аталган факты 23-июнда каттоого алынып, Жазык кодексинин 161-беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Кылмыштын бетин ачуу максатында шектүүнүн жүргөн жерин тактоо боюнча багыттамалар берилип, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Аны издеп табуу боюнча милиция кызматкерлери тарабынан атайын күч каражаттар жумшалып, ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.