Таласта өспүрүм баласына унаа айдатып, видеого тарткан аял айыпка жыгылды

Жашы жете элек баласына унаасын башкарууга берген апага 15 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Талас облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

18-август күнү аял жашы жете элек баласына унаасын башкарууга берип, видео тартып, өзүнүн Инстаграм баракчасына видео жүктөгөн. Ага 15 миң сом айып пул салынды.

«Өспүрүмдөр атасынын унаасын айдап чыгып, жол кырсыгына кабылып, каза болуп калган фактылардан жок эмес. Ошол себептен жашы жете элек балдарыңыздарга унааңыздарды бербөөңүздөрдү талап кылабыз», — дешти.