Таласта өзгөчө оор кылмышка шектелген жаран изделүүдө

Кара-Буура райондук ички иштер бөлүмү тарабынан өзгөчө оор кылмышка шектелген жаран изделүүдө. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.

Ушул жылдын июнь айында Кара-Буура районунун 1971-жылы туулган тургуну Биримкулов Бактыбек Настаевич өзгөчө оор кылмыш ишин жасагандыгы үчүн ички иштер органдарынан изин жашырып качып жүрөт. 1-июлда ага карата издөө жарыяланган.

Белгилери: бою 165-170 сантиметр, денеси орто түзүлүштө, бетинин түзүлүшү тоголок. Кара-Буура РИИБи кандайдыр бир маалымат болсо, төмөндөгү байланыш телефондоруна кайрылып коюңуздарды өтүнөт. Телефон номурлары: 03422 5-27-79, 0500 56-76-76 же 102 кызматы.