Таласта суу ташкыны 37 үйдүн короосун каптады (видео)

Таласта суу ташкыны 37 үйдүн короосун каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, Талас облусунун Бакай-Ата районунда саат 18:30 чамасында кыска мөөнөттө жааган жаандын кесепетинен Маматай, Көк-Теке коктуларынан келген сел суулары Түйтө каналына батпай Шадыкан айыл аймагындагы Түйтө айылында жайгашкан 37 турак үйдүн короосун, Талас районунун Бердике айыл аймагында болжол менен 70 гектар айдоо жерин каптады. Жерине 1 жүктөгүч, 1 экскаватор, 2 трактор, жергиликтүү тургундардан 50 киши, 15 кызматкер тартылды.