12-август күнү милицияга билдирүү түшкөн. Анда Бакай-Ата районунун Түйтө айылынын түндүк-чыгыш тарабында суу топтоочу көлмөнүн ичинде белгисиз адамдын жансыз денеси жатканы маалым болгон.
Окуя болгон жерге Бакай-Ата РИИБдин ыкчам тергөө тобу барган. Аталган факты боюнча атайын топ түзүлүп, экспертиза дайындалган. Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесине ылайык кылмыш иши козголгон. Каза болгон жарандын аты-жөнү такталып, Талас районунун Көк-Ой айылынын 1969-жылы туулган тургуну экендиги такталган. Анын денесинде күч колдонулган белгилери бар экендиги аныкталган.
Бакай-Ата РИИБдин кызматкерлеринин ыкчам иш алып баруунун натыйжасында Талас районунун тургуну 1981-жылы туулган жаран шектүү катары кармалып, Талас ОИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда тергөө жана иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.