Таласта тамактануучу жайдан өрт чыгып, кырсыктан жабыркаган 4 адамдын абалы оор

Бүгүн, 4-январь күнү түшкү саат 3 чамасында Талас облусунун Кара-Буура районундагы Кызыл-Адыр айылында жайгашкан тез тамактануучу жайдан өрт чыкты. Кырсыктан улам түрдүү күйүк алган 11 адам бейтапканага жеткирилген. Анын ичинен 4 кишинин абалы оор деп айтылууда.

Өрттү өчүрүү үчүн бир бөлүм тартылып, 15 мүнөт ичинде алоолонгон от чектөөгө алынган. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен өрттүн келип чыгуу себептери жана башка маалыматтар такталып жатканын билдиришти.

Айрым маалыматтар боюнча, тез тамактануучу жайда газ баллон жарылган.