Таласта «Темике» кармалды

Таласта баңгизат сатуу менен алектенип жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

2024-жылдын январь айынын аягында уюшкан кылмыштылуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлерине «Темике» аттуу киши баңгизаттарды сактап, сатуу менен алектенип жүргөнү белгилүү болгон. Ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө «Темике» аттуу адам Талас облусунун 1985-жылы туулган тургуну экени аныкталган. Факты боюнча Талас облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы кылмыш ишин козголгон. Шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда 1 килограммдан ашык марихуана жана тийиштүү мекемеде каттоосу жок сайсыз мылтык табылды. Учурда иш боюнча кошумча тергөө иштери жүрүп жатат.