Таласта токой жээкте төрөп, ымыркайын көмүп салган келин тил кат менен бошотулган

Таласта токой жээкте төрөп, ымыркайын көмүп салган келин эч жакка кетпөө тил кат менен бошотулган. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Талас ОИИБден билдиришти.

«Эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулган. Тергөө аяктай элек. Соттук экспертизалар дайындалган. Ошонун жыйынтыгы менен чечим чыгарылат»,- дешти милициядан.

13-май күнү Талас ШИИБге облустук биргелешкен ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн дарыгери телефон аркылуу билдирүү жасаган. Анда ал Талас шаарынын 1983-жылы туулган тургуну төрөттөн кийинки абалда, наристеси жок кайрылганы айтылган. Текшерүү учурунда келин Талас шаарында 4 баласы менен жашап жүргөнү аныкталган. Ал эми 2021-жылдын октябрь айында никеси жок кош бойлуу болуп калган. Талас шаарында токой жээкте сейилдеп жүргөн маалда толгоосу башталып, ошол жерден төрөп, андан кийин эмне кылаарын билбей жаңы төрөлгөн ымыркайды тирүүлөй көмүп, кетип калгандыгы аныкталган.