Таласта токойдон өрт чыкты (видео)

Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Кең-Арал айылында бүгүн, 18-мартта токойдо өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Өрттү өчүрүүгө саат 12:52де Талас шаардык №17 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, кошумча саат 14:03тө Бакай-Ата райондук №93 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, жалпы 2 эки күжүрмөн эсеп тартылган. Учурда тилсиз жоону өчүрүү боюнча ыкчам аракеттер көрүлүүдө.