Таласта зордуктоого шектелип, издөөдө жүргөн жаран Бишкекте колго түштү

Кара-Буура РИИБдин кызматкерлери тарабынан өзгөчө оор кылмышка шектелип, издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Талас ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, Талас облусунун Кара-Буура районунун 1971-жылы туулган тургуну зордуктоо беренеси менен шектелип, тергөө амалдарынан изин жашырып качып жүргөндүгүнө байланыштуу, 2021-жылдын июнь айында Кара-Буура райондук милиция тарабынан издөө жарыяланган.

Милиция кызматкерлеринин ыкчам иш жүргүзүүлөрүнүн натыйжасында, аталган жаран Бишкек шаарынан кармалып, Кара-Буура РИИБге жеткирилген. Түшкөн маалыматтарга ылайык, ал жакын туугандардыкында жашырынып жүргөн. Соттук өндүрүштүн алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүп, шектүү азыркы учурда тергөөдө сурак берүүдө. Аталган факты боюнча учурда тергөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат.