Таластагы айдоочу менен фельдшер көз жумган кырсыктын жаңы себеби айтылды

Кечээ, 27-октябрда Таласта Тез жардам кызматынын айдоочусу менен фельдшери жол кырсыкка кабылып, экөө тең мүрт кеткени маалым болгон. Мындан тышкары, кырсыкка жолдон өтүп бараткан жылкы себеп болгонун айтышкан.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Талас облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгы кырсыкка жылкылардын тиешеси жок экенин билдиришти. Маалыматка караганда, айдоочу рулга ээ боло албай, жолдон чыгып бакка урунган.