Таластагы ат майдандын айнектерин сындырган өспүрүмдөр аныкталды

Таластагы ат майдандын айнектерин сындыргандар аныкталды. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.

19-августта Талас облустук ат майдандын жетекчиси Рафаэль Шайдылдаев социалдык тармактагы баракчасына ат майдандын айнектерин белгисиз жарандар сындырып кеткенин айтып чыккан. Бул окуя Талас районунун милициясы тарабынан каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.

Милициянын ыкчам көргөн чараларынын натыйжасында, ат майдандын айнектерин Талас шаарынын 10 жаштагы 2 тургуну ойноп сындырып койгондугу аныкталган. Балдардын ата-энелери ат майданга келтирилген чыгымды төлөп бермей болгон.