Таластагы автобекеттин жери мамлекетке өттү

Талас облусунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Манас районунун Покровка (Семетей) айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы токтомунун негизинде “Кыргыз автобекети” мамлекеттик ишканасынын Талас филиалына тиешелүү 0,28 гектар жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган.

Аталган мыйзам бузууларды чететүү максатында облустук прокуратура тарабынан прокурордук акт келтирилип, аны кароонун жыйынтыгы менен жер тилке толугу менен Талас облустук автовокзалдар, автостанциялар жана автокассалар мамлекеттик ишканасынын балансына кайтарылды.