Таластагы “Беш-Таш” жаратылыш паркын суу каптады

Кечээ, 7-августта саат 16:15 чамасында кыска мөөнөттө жаап өткөн жаандын кесепетинен, кокту-колоттордон келген сел суулар Талас облусундагы “Беш-Таш” жаратылыш паркынын 3 жеринен жана Кара-Суу айылынын батыш тарабында Талас-Тараз унаа жолун 81-чакырымын каптаган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жеринде маалыматты тактоо максатында Талас райондук ӨК бөлүмүнөн ыкчам топ тартылып, жеринде тактоо иштерин аткарышкан. Кара-Суу айылынын батыш тарабында Талас-Тараз унаа жолунун 81-чакырымында сел каптоо коркунучу жоюлуп, тазалоо иш-чаралары аяктаган.

Бүгүн таң эрте “Беш-Таш” жаратылыш паркынын аймагында жайгашкан «Сары-Үңкүр» сайы тилкесин тазалоо иш-чарасын улантуу максатында жергиликтүү №19 жол тейлөө ишканасынын 1 жүктөгүчү тартылган.