Талас облусундагы жол кырсыктан 1 адам каза болуп, 5 киши жабыркады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун 163-чакырымында Mercedes Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдон чыгып, бакты сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 1989-жылы туулган эркек киши каза болуп, 1994, 1976, 1994, 2001 жана 1989-жылы туулган жарандар ар кандай жаракат алышкан.
Кырсык болгон жерге 4 куткаруучу тартылып, 2 жабыркаган жаранды унаадан чыгарып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришти.