Окуя болгон жерге Талас РИИБдин тергөө ыкчам тобу барып текшерүү иштерин баштаган. Анда Бишкек шаарынын тургуну өзүн 1993-жылы туулган Ш. уулу Э. деп тааныштырган жаранды мал базарда жүргөн жарандар “чөнтөккө кол салып, уурулук жасаган” деп, мал базардын электр жарык берүүчү темир карагайга колунан жана белинен жип менен байлап коюшкандыгы аныкталган.
Текшерүүдө Кара-Буура районунун Бакайыр айылынын тургуну мал базардан 60 миң сомун белгисиз адамдар тарабынан уурдатып алгандыгы боюнча арыз менен кайрылган. Кара-Буура районунун Чолпонбай айылынын тургуну да мал базардан кол сумкасынын ичинен 6 миң сомун белгисиз адамдар тарабынан уурдатып алганын билдирген. Кармалган жаран милиция кызматкерлери тарабынан Талас РИИБге алып келинген. Ал Ысык-Көл районуна караштуу Григорьевка айылынын 1989-жылы туулган тургуну экени аныкталды. Текшерүүдө анын жанынан жалпы 35 200 сом акча каражаты алынган.
Окуя болгон аймакта бекитилген күзөт графиги боюнча Талас РИИБдин бир нече кызматкерлери иш алып барып жатышкан. Ага медициналык жардам көрсөтүү максатында аймактык ооруканага алып барылып, анын саламаттыгына эч кандай коркунуч келтирилген жоктугу аныкталды. Шектүүнү милицияга алып келишип, аты-жөнүн тактап, текшерүү жана иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат. Кармалган шектүү боюнча анын башка кылмыштарга тийиштүүлүгү боюнча дагы иликтөөлөр жүрүүдө.