30-апрель күнү эртең менен Талас районуна караштуу мал базардан ууру кармалды деген видеолор интернетке жайылган. Анда тургундар 25-30 жаштагы белгисиз бир адамды акча уурдады деп шектеп кармап алышканы көрсөтүлгөн. Бүгүн, 2-майда Талас ОИИБ экинчи шектүү кармалганын билдиришти.
«Бул кылмышка шектүү катары анын шериги 1981-жылы туулган жаран аныкталып кармалды», — дешти.
- Бишкек шаарынын тургуну өзүн 1993-жылы туулган Ш. уулу Э. деп тааныштырган жаранды мал базарда жүргөн жарандар “чөнтөккө кол салып, уурулук жасаган” деп, мал базардын электр жарык берүүчү темир карагайга колунан жана белинен жип менен байлап коюшкандыгы аныкталган.
- Текшерүүдө Кара-Буура районунун Бакайыр айылынын тургуну мал базардан 60 миң сомун белгисиз адамдар тарабынан уурдатып алгандыгы боюнча арыз менен кайрылган. Кара-Буура районунун Чолпонбай айылынын тургуну да мал базардан кол сумкасынын ичинен 6 миң сомун белгисиз адамдар тарабынан уурдатып алганын билдирген. Кармалган жаран милиция кызматкерлери тарабынан Талас РИИБге алып келинген. Ал Ысык-Көл районуна караштуу Григорьевка айылынын 1989-жылы туулган тургуну экени аныкталды. Текшерүүдө анын жанынан жалпы 35 200 сом акча каражаты алынган.