Таластагы токойдун жээгинен 48 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды. Ал киши колдуу болгон

иллюстрация

Таласта адам өлтүрүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 19-октябрда саат 09:30 чамасында Талас райондук ички иштер бөлүмүнө телефон аркылуу билдирүү түшкөн. Анда Нуржанов айыл өкмөтүнө караштуу МТФ аталышындагы аймактын түндүк тарабындагы токой жээктен белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы айтылган.

Окуя болгон жерге Талас РИИБнин ыкчам тергөө тобу чыккан. Маркум Талас шаарынын 1973-жылы туулган тургуну экендигин жана денесинде бир нече жаракаттары бар экендигин аныкташкан. Аталган факты Талас РИИБге Жазык кодексинин 130-беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Учурда тиешелүү соттук экспертизалар дайындалып, кылмыштын бетин ачуу максатында иликтөө иштери жүрүп жатат.