Таластагы унаа оңдоочу жайдын кызматкерин сабап, бычак менен сайып кеткен 2 шектүү кармалды

Таласта унаа оңдоочу жайдын кызматкерин сабап, бычак менен сайып кетүүгө шектелген 2 жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, жакында эле Талас ШИИБге 33 жаштагы жаран арыз менен кайрылып, анда май айынын орто чендеринде, унаа оңдоочу жайда жумуш ордунда иштеп жаткан учурда, эки бей тааныш бала келип эч себепсиз эле сабап, ден соолугуна залал келтиргендигин билдирген. Алардын бири жакалап уруп, экинчиси бел тарапка бычак менен эки жолу сайып, андан соң качып кеткендиги айтылган. Натыйжада жабырлануучу жаракат алып ооруканага жаткырылган.

Чогултулган материалдар ушул эле күнү РИИБде Жазык кодексинин 266-беренесинде каралган “ээнбаштык” фактысы менен катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган. Териштирүү учурунда кылмышка шектелип, 1988-жылы жана 1983-жылы туулган эки жаран колго түшкөн. Экөө тең Талас ОИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, учурда кылмыш иши боюнча тергөө аракеттери жүргүзүүлүдө.