Талас облусунда жергиликтүү тургундун үйүнөн 21 килограмм салмактагы көкнаар (марихуана) табылды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
«Таластын тургунунун сарайында 1,5 кап көкнаардын жытына окшогон өсүмдүк болгону аныкталган. Андан сырткары мончосунда пластик бөтөлкө табылган. Алдын ала маалымат боюнча, анын ичиндеги суюуктук каннабис ширеси болгон. Көкнаардын жалпы салмагы 21 килограмм 385 грамм, каннабис ширеси 475 грамм экендиги аныкталган. Аталган окуяга шектелип үй ээси, 1984-жылы туулган У.А. кармалган. Иликтөө иштери жүргүзүлүүдө», — деп жазылат маалыматта.