Таластын Боо-Терек айылында өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Кечээ, 17-февраль күнү аба-ырайынын жогорулашына байланыштуу саат 15:00 чамасында Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Боо-Терек айылындагы жааган кар эрип, арыктардан суулар ашып, 17 турак үйлөрдүн короолорун каптаган. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Ошондой эле Ынтымак айылынын тоо этегинен эриген карлар 3 турак үйдүн короосун каптаган. Ал жерге тазалоо иш-чараларын жүргүзүү максатында Бакай-Ата райондук №93 ӨКБдан 6 куткаруучу Боо-Терек айылына, Бакай-Ата РМАнын башчысы-акимдин орун басары жана Бакай-Ата райондук №93 ӨКБдан 1 офицер Ынтымак айылына тартылган.

Суу каптоо коркунучу сакталып тургандыгына байланыштуу 17-февраль күнү Боо-Терек айыл аймагына “Өзгөчө кырдаал” режими киргизилген.