Таластын эки тургуну «Йакын Инкар» экстремисттик идеологиясынан баш тартты (видео)

Талас облусунун тургундары «Йакын Инкар» диний-экстремисттик кыймылынын экстремисттик идеологиясынан баш тартышты. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК экстремисттик уюмдарга каршы аракеттенүүнүн алкагында «Йакын Инкар» диний-экстремисттик кыймылынын мүчөлөрүнө жана Талас облусунун тургундарына карата түшүндүрүү-профилактикалык иш-чараларды жүргүздү.

«Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө «Йакын Инкар» диний-экстремисттик кыймылынын мүчөлөрү аталган агымдын идеологиясынын зыяндуулугун толук түшүнүштү жана тыюу салынган экстремисттик кыймылдын мындан аркы мүчөлүгүнөн өз ыктыяры менен баш тартышты. Мындан тышкары, рецидив фактыларын болтурбоо максатында алардын айрымдарына УКМК тарабынан расмий эскертүү берилди», — деп айтылат маалыматта.