Таластын тургуну диний экстремисттик көз караштан баш тартты

Талас районунун Арашан айылынын тургуну диний экстремисттик көз караштан баш тартты. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Жүргүзүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө Талас районунун Арашан айылынын тургуну 2007-жылы белгисиз эмиссарлар тарабынан “Хизб ут-Тахрир” уюмунун катарына кабыл алынып, тыюу салынган адабияттарды пропагандалоо жана таратуу менен активдүү алектенгени аныкталды.

Радикалдуу көз караштардан баш тартууга багытталган тиешелүү түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чараларынын натыйжасында, жаран тандап алган диний багытынын туура эместигин моюнга алып, мыйзамсыз аракеттеринен өз каалоосу менен жана ыктыярдуу түрдө баш тартып, бул уюмдун ишмердигине жол берилбестиги тууралуу билдирүү жасоо менен Кыргыз жарандарын “Хизб ут-Тахрир” ДЭУнун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырган.