Таластын тургуну «Йакын Инкар» диний экстремисттик агымдын идеологиясынан баш тартты (видео)

Талас облусунун тургуну “Йакын Инкар” диний экстремисттик агымдын идеологиясынан баш тартты. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Талас районунун тургуну тандап алган диний багытынын туура эмес экенин түшүнүү менен кабыл алып, экстремисттик идеялардан баш тартып, жарандарды “Йакын Инкар” уюмунун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырды.

Ал “Йакын Инкар” уюмунун активдүү мүчөсү катары өзүнүн миссионердик билдирүүсүндө медициналык мекемелердин кызматынан (эмдөөдөн) баш тартууга, бийликтин жана расмий дин кызматкерлеринин административдик документтерин тааныбоого чакырып, ошондой эле башка диний агымдардын өкүлдөрүнүн ишмердүүлүгүн сынга алган.