Тамеки чыгарган жашыруун завод аныкталды (видео)

Жашыруун тамеки чыгарган завод аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан акциздик маркасы жок тамеки өндүрүү жана сатуу боюнча жашыруун заводдун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында аталган завод 2022-жылы курулуп, бүгүнкү күнгө чейин тымызын иштеп келгени аныкталган. Тамеки буюмдарын өндүрүү үчүн жабдыктар БАЭден алынып келинип, баасы 470 миң долларын түзгөн. Сырье (тамеки кагазы, фильтр) жана тамекиге керектелүүчү башка компоненттер чет өлкөдөн ташылып келинген. Өндүрүлгөн акциздик маркалары жок тамеки буюмдары Кыргыз Республикасынын аймагында сатылып, коңшу республикаларга ташылып кетип турган.

Жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында аталган заводдун аймагында жана тамеки сакталган кампалардан «Marlboro», «Platinum», «Asia», «Blue Sky» жана «WT» маркалары менен акциздик маркалары жок 97 куту тамеки, тамеки үчүн компоненттердин ири көлөмү табылып алынган. Аныкталган каналдын уюштуруучуларынын бири болуп саналган чет элдик жаран кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.