Тамеки тартуудагы этиятсыздыктан унаа оңдоочу жай күйүп кетти (сүрөт)

Унаа оңдоочу жай күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Свердлов районундагы Достоевский көчөсүндө жайгашкан унаа оңдоочу жайдын ички жасалгасы жана үч даана станок, BMW жана JEEP үлгүсүндөгү унаалардын фаралары, айнеги жана ошондой эле 150 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттү өчүрүүгө жалпы эки өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган, саат 16:47де өрт чектөөгө алынып, 17:29да толук өчүрүлдү. Өрттүн келип чыгуу себеби тамеки тартуудагы этиятсыздык.