Таң эрте Бишкектеги көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 60 адам эвакуацияланды

Бүгүн, 13-декабрда Бишкек шаарынын Токтоналиев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин подъездиндеги электр калканынан өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Өрттү өчүрүүгө таңкы саат 6:14тө жана 6:35те 2 күжүрмөн эсеп, буга кошумча саат 6:36да Ленин районунан дагы 1 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылып, жеринде иш алып барды. Өрт кырсыгы саат 7:32де чектелип, саат 8:09да толук өчүрүлдү. Өрттүн кесепетинен 2-кабаттан 12-кабатка чейинки подъездеги электр калкандары күйүп кеткен.

Куткаруучулар өрт болгон аймактан болжол менен 60 адамды эвакуациялашкан. Бактыга жараша тилсиз жоодон жабыркагандар жок. Учурда чыгымы такталууда.