Бүгүн, 21-октябрда саат 03:55 чамасында Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылындагы «Роял Бич» пансионатында өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм тартылган. Өрт саат 04:52де чектөөгө алынып, 06:35те толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен кампанын 20 чарчы метр чатыры жана ичиндеги курулуш материал, унаа тетиктери күйгөн. Себеби такталууда. Жабыркагандар жок.