«Тапанча менен коркутуп…» Чүйдө 17 жаштагы жигитти карактап кетишкен

Сокулук районунда каракчылыкка шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

18-сентябрь күнү Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө арыз менен 1999-жылы туулган жаран кайрылган. Ал 17-сентябрь күнү жашы 25-30 чамасындагы белгисиз үч адам анын 2004-жылы туулган жашы жете элек инисин карактап тоноп кетишкендигин билдирген.

Аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 202-беренеси (каракчылык) боюнча катталган. Сотко чейинки өндүрүштө милиция кызматкерлери тарабынан төмөнкүлөр белгилүү болгон. Белгисиз үч жаран жашы жете элек баланы унаага үйүнө чейин жеткирип коёбуз дешип, жолдон Военно-Антоновка айыл жактагы айланма жолунан токтоп, тапанча менен коркутуп, уюлдук телефонун жана акчасын алып, өспүрүм баланы ошол жакка таштап, белгисиз тарапка качып кетишкени белгилүү болгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектелишип, 1996, 1987, 2001-жылы туулган жарандар кармалышып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынышты. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалды. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.