«Тараптар элдешкен». Ноокатта 7 жаштагы баланы сабаган жаран үй камагына чыкты

27-январь күнү социалдык тармактарда Ош облусунун Ноокат районунун аймагында баланы белгисиз эркек киши уруп жаткандагы видео жарыяланган. Кийинчерээк жаран кармалганы маалым болгон.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги бүгүн, 31-январда Ош облустук соту менен байланышканыбызда, анын бөгөт чарасы каралып, үй камагына чыкканы маалым болду. «30-январдагы Ноокат райондук сотунун токтомунун негизинде шектелүүчү үй камагына чыгарылган. Шектелүүчү жабырлануучу тарап менен элдешкен», — деп айтылат маалыматта.