Таш-Көмүрдө 3 килограмм гашиш сатууга шектелген жарандар кармалды

Таш-Көмүр шаарында 3 килограмм гашиш баңги затын сатууга аракеттенген жергиликтүү тургундар кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө гашиш баңги заттарын сатууга аракет кылган учурда Аксы районунда жашаган 1955-жылы туулган Кыргыз жараны кармалган. Контролдук таразалоодо алынган заттын таңгакталган түрүндө салмагы 2 килограмм 935 граммды түзгөн. Тергөө учурунда кармалган жаран 2009-жылы Өзбекстан укук коргоо органдары тарабынан баңгизатка байланышкан кылмыштарды жасагандыгы үчүн камалып, 2017-жылы бошотулган. Мындан тышкары, ал күч түзүмдөрүнүн мурдагы кызматкери болуп иштеп кеткен.

Мындан аркы аркы издөө иш-чараларын жүргүзүүдө баңги тобунун башка мүчөлөрү аныкталып, алардын бири Таш-Көмүр шаарында жашаган жаран аныкталып, кармалды. Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо жана кармоо боюнча мындан аркы тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.