Таш-Көмүрдө сел жүрүп, Бишкек-Ош унаа жолунда каттам токтотулду

Бишкек-Ош унаа жолунун 373-375 чакырымында (Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаары) нөшөрлөп жааган жамгырдан улам жолго бир нече жерден сел жүрүп, топурак түшүп, каттам токтотулду. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдашты.

Азыркы учурда жолдорду тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Айдоочуларга зарылчылык болбосо, Ош-Бишкек жолуна чыкпай туруу эскертилди.