Таш-Көмүрдө сел каптап, 20дай үй суу алдында калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.
Кечээ, 23-май түнкү саат 00:30 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын натыйжасында сел жүрүп, шаардын жалпы узундугу 200 метрге чукул болгон Токтогул көчөсүнүн 5 жерине кум-шагыл түшүп, жол каттамын тосуп калган. 1 автожүктөгүч, 1 автогрейдер, 1 автосамосвал тартылып, жол каттамы толук ачылды.
Сел суулары Токтогул көчөсүндөгү 17 турак үйдүн короолоруна кирип, алардын ичинен 9 турак үйдүн короосун ылай баскан, 3 турак үйдүн ашканасына сел суулары кирген. Короолор тургундардын күчү менен тазаланып жатат.