Таш-Көмүрдө үйдөн өрт чыгып, бир үй-бүлөнүн 4 мүчөсү каза болду

11-август күнү саат 17:30да Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын Панфилов көчөсүндө жайгашкан үйдөн өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жерине Таш-Көмүр шаардык ӨКБдан 2 күжүрмөн эсеп, №6 Өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунан 4 куткаруучу тартылган. Тилсиз жоо саат 17:39 курчоого алынып, учурда толук өчүрүү иши жүрүүдө.

Тилекке каршы, үйдөн чыккан өрттүн кесепетинен бир үй-бүлөнүн 4 мүчөсү: 63 жаштагы киши, 13, 10 жаштагы балдар жана 6 жаштагы кыз каза болгон. Жарандардын жансыз денелери куткаруучулар тарабынан чыгарылып, Таш-Көмүр ШИИБге өткөрүп берилген.