Ташиев: «Бандиттерди тыя албай жатсак, эми спортчулар баш көтөрүп башташты»

«Криминалдык топтордун лидерлерин нейтралдаштырып жаткан учурда эми «спорт-общактар» чыкты». Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, жакында эле ишкерлерден акча талап кылууга шектелип өлкөнүн чемпиону, алыш боюнча Дүйнөнүн эки жолку чемпиону болгон балбан колго түшүрүлгөн.

«Урматтуу спортчулар, сиздерге кайрылып жатам, криминалдык териштирүүлөргө аралашпай, тууну көтөрүп жүргүлө», — деди Ташиев.