Ташиев жана Зулушевдин атын жамынып опузалап акча талап кылгандар кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өз ишинин жүрүшүндө УКМКнын төрагасы менен жана мурдагы башкы прокурору менен байланышым бар деген шылтоо менен А.Г.Э. аттуу жарандан күйөөсүнө карата соттун оң чечими үчүн 8 миң доллар акча каражатын талап калган адамдар кармалды.
Мындан сырткары, мурда алдамчылык беренеси менен кылмыш иши козгол Т.Т. тарабынан аталган жабырлануучу А.Г.Э.ге моралдык-психологиялык кысым көрсөтүү фактылары катталып, К.И.А. УКМК төрагасынын жээни экенин, ошондой эле мурдагы башкы прокурор Зулушевдин «өкүл баласы» жана жаңы дайындалган Асаналиевдин тууганы экендигин айтып, буга байланыштуу ал сотторго таасир этип, жабырлануучунун күйөөсүн бошотушу мүмкүн экендигине ынандыруу үчүн колдон келген аракетин жасаган. Ошентип, 27-июлда акчалай сый акынын бир бөлүгүн алгандан кийин жогорудагылар кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.