Ташиев менен байланышы бар экенин айтып, 200 миң доллар талап кылган шектүүлөр кармалды

Жогорку Кеңештин аппарат жетекчисинин мурдагы орун басары 200 миң доллар опузалоо фактысы менен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүү алкагында Кыргызстандын жарандары тарабынан 200 миң доллар алуу фактысы аныкталды. Аталган жарандар алдын ала макулдашуу боюнча бизнес өкүлдөрүнүн биринин ишенимине кирип, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен тыгыз байланышы бар экенин айтып, алдамчылык жолу менен УКМК тарабынан кылмыш ишин токтотуу үчүн 200 миң доллар алышкан.