Ташиев: «Раим Матраимов мамлекетке 18 миллиард сомго жакын акча өткөрүп берди»

Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Раимбек Матраимов эки жолу кармалып, жалпы 18 миллиард сом (223 миллион доллар) мамлекетке өткөрүп берди. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев  маалымат жыйында айтты.

«Матраимовдун кылмыштарынын баары финансылык кылмыштар», — деди УКМК төрагасы.

Мындан сырткары Камчыбек Ташиев өлкөдөгү уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү тууралуу айтып жатып, «Мындан ары кылмыш дүйнөсү болбойт, элибиз да, бизнестегилер да тынч жашайт. Биз ушуга жетиштик. Биз алардын финансылык булактарын буудук» деп кошумчалады.