Ташиев товарларды “жашыруун транзиттөөгө” байланыштуу ишти жеке көзөмөлүнө алды

УКМК Бажы кызматынын кээ бир кызмат адамдары тарабынан менчик компаниялар менен сүйлөшүп алып, текшерүү функцияларына жана ыйгарым укуктарына таянып, мыйзамсыз материалдык жана башка пайда көрүү максатында, жашыруун транзиттик жолу менен Кытайдан эл керектөөчү товарларды системалуу түрдө мыйзамсыз ташып келүү боюнча туруктуу каналды уюштуруп алган коррупциялык схеманын бетин ачты. Бул тууралуу атайын кызматтан маалымдашты.
Айрым компаниялар Бажы кызматынын кызмат адамдарынын колдоосун пайдаланып, Кытайдан Кыргызстан аркылуу Өзбекстанга транзиттик жүктөрдү жиберип турушкан. Бирок товарлар Кыргыз Республикасынын аймагына бажылык тариздөөсүз түшүрүлүп, жасалма бажы декларациясы жана бажы идентификациялоо каражаттары менен пломбаланган бош жүк ташуучу унаалар Өзбекстанга кирип турган. Бул кылмыш иши боюнча 16-17-мартта Бажы кызматынын 6 жооптуу кызматкери жана менчик компаниялардын 3 өкүлү кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Алдын ала маалыматтар боюнча, бул иште келтирилген зыян 1 миллиард сомго жакын болушу мүмкүн. Кармалган бажы кызматынын кызматкерлери менен менчик компаниялардын өкүлдөрүнүн арасында жогорку кызматтагы адамдардын жакындары бар.
Бул факты боюнча акыркы күндөрү өлкөнүн социалдык мессенжерлеринде “Башкы прокуратура менен УКМКнын тиреши тууралуу” делген ишенимсиз маалыматтар тарай баштады. Буга байланыштуу УКМК коомчулукка Башкы прокуратура менен эч кандай тирешүү жок жана болушу мүмкүн эместигин маалымдайт. Бардык тергөө аракеттерине Башкы прокуратура тарабынан ыйгарым укук берилген жана процессуалдык көзөмөлүндө. Учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо, келтирилген зыяндын так көлөмүн аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары уланууда.
Бул кылмыш иши боюнча тергөө иштери УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жеке көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.